Дөөлөт Сыдыков: “Опузалар башталганда айла жок кеткенге туура келди”

“Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өлкөдөн чыгып кеткен себебин айтты. Анын айтымында, опузалар башталганда, айла жок өлкөдөн чыгып кетүүгө туура келген.

Сөгүш берип кыстоо башталганда жумушумду өткөрүп бердим. Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Асылбек уулу Дамирбек дегендер мыйзамсыз жерди ээлеп жатса, ошолорду колдогон бийлик эмнени жыргатат. Опузалар башталганда айла жок кеткенге туура келди”, — деди ал.

Ал эми “азыр кайсы өлкөдөсүз?” деген сурообуз жоопсуз калды.