Дөөлөт Сыдыков Ошто 3 күн «Манас» айтат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Нооруз майрамына карата Ош шаарында 3 күн «Манас» айтат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта «Сулайман-Тоо» улуттук-археологиялык музейинде «Манас» айтуу алдындагы чакан салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Эмил Шадыханов, музейдин директору Султан Абдрахманов жана маданияттын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шаар калкы катышты. Салтанаттуу ачылыштан соң, манасчыны «Манас» айта турган ордуна узатып коюшту.

Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков өткөн жылдын 13-ноябрында Бишкектин борбордук аянтында   14 саат 27 мүнөт «Манас» айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.