«Дордой» базарында 14 жаштагы Белек Өмүркулов дайынсыз жоголду

Кечээ, 3-сентябрда Бишкектеги «Дордой» базарында 14 жаштагы Өмүркулов Белек Аманович дайынсыз жоголду. Бул тууралуу анын таежеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Анын бою 152-155 сантиметр, арык чырай. Футболка, кепка кийип, окуу куралдары салынган рюкзак асынып жүргөн. «Ал айылдан жалгыз чыкчу эмес. Адамдар менен сүйлөшө бербейт», — дешти жакындары.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, баланын апасы 0508 07-75-25 Маринага же баланын таежеси  0702 08-80-35 Фаридага чалсаңар болот.