«Дордой» базарындагы тамтыгы чыккан жолдун видеосунан кийин Акылбек Жапаров видео жарыялады

Социалдык тармактын колдонуучусу «Дордой» базарында тартылган видео менен бөлүшүп, жолуна нааразы болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасына жол оңдолуп жаткан учурдун видеосун жарыялады.