«Дордой» базарынын соодагерлери бүгүн да ККМге каршы митингге чыгышты

«Дордой» базарынын соодагерлери бүгүн да нааразычылык акциясына чыгышты. Маалыматка караганда, чогулгандардын саны 2 миң кишиге чукул жетти. Алар жаңы Салык кодексиндеги ККМ (кассалык аппаратты) орнотууга каршы болушууда.

“Биз салык, электр энергияга, патентке төлөйбүз, эмне үчүн ар бир курткадан мамлекетке 500 сомдон беришибиз керек, бул адилетсиздик”, — дешет алар. Соодагерлер патент менен иштегиси келбеген адам өз ыктыяры менен аппаратты орнотуп алышса, адилеттүү болот деп эсептешет. Соодагерлер менен жолугушууга Салык кызматынын өкүлдөрү, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев келди. Алар базар кызматкерлерине ушундай жол менен коррупция менен күрөшүп, экономиканы көмүскөдөн чыгарабыз деп түшүндүрүүгө аракет кылышты. Ал эми соодагерлер бийликке чыныгы коррупционерлер менен күрөшүүнү, базарларды талкалап албоо керектигин айтышты.

Аталган базардын соодагерлери кечээ да митингге чыгышкан.