«Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышты

“Дордой” базарынын соодагерлери салыктан улам митингге чыгышты. Алар контейнерлерди жаап, салыктын көтөрүлүшүнө байланыштуу жагдай түшүндүрүлмөйүнчө ишке чыкпай тургандыгын айтышууда.

Соодагерлердин айтымында, учурда базардын администрациясынын имаратынын жанына 500гө жакын адам чогулду. Алардын баары базарда соода кылгандар. «Биз салык кызматкерлери салыкты көтөрүп жатканына нааразыбыз, иштөөнүн мааниси жок болуп калды», — дешти митингчилер.

Базарга салык кызматынын төрагасынын орун басарынын баруусу күтүлүүдө.