«Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 8-сентябрда «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Алар буга чейин өткөрүп келгендей митингди аянтта же Өкмөт үйүнүн алдында эмес, базардын аймагында өткөрүштү.

Соодагерлердин айтымында, белгисиз себептерден улам бажы алымдары эки эсе көбөйгөн. «Эгерде мурда биз сырттан келген сырьенун килограммы үчүн 25 цент төлөсөк, эми ал 50 центке чейин көтөрүлдү. Ал эми кийим-кечени бажы жагынан жол-жоболоштуруу мурда 85 центтен болчу, эми 1,8 долларга чейин көтөрүлдү», — дешет алар.

Сатуучулар кошумчалашкандай, бажы кызматы мындай бааларды түшүндүрүп, расмий документтерди бере албайт. «Биз токтомду же башка документти көрсөтүүнү сурандык, бирок алар бизге эч нерсе көрсөтүшкөн жок. Алар өкмөт ушундай чечимге келгенин гана айтышты», — дешти алар.