«Дордой-Дыйкан» базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Бишкектин «Дордой-Дыйкан» дүң азык-түлүк базарында электрондук товар-транспорт коштомо кагазын (электронная товаротранспортная накладная) колдонуу талабы коюлгандыктан товар жок. Бул тууралуу Tazabek бүгүн, 9-январда ишкерлердин бирине шилтеме берип жазды. 

Ишкерлердин айтымында, жеткирүүчүлөр рынокко электрондук товар-транспорт коштомо кагазы жок товарларды берүүдөн баш тартышат. Алар түшүндүргөндөй, аны колдонуу үчүн виртуалдык кампаны башкара турган бухгалтерди жалдоо керек.

Ишкердин айтымында, өкмөт базарларды жоюуга аракет кылууда.