«Дордой» футбол клубунун капитаны Мирлан Мурзаев Индия курамасына өттү

«Дордой» ФКнын капитаны Мирлан Мурзаев Индия курамасына кошулду. Бул тууралуу футбол клубунун социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

«31 жаштагы чабуулчу жана клубдун капитаны Мирлан Мурзаев биздин «Дордойдон» кетет. Футболчу Ченнай (Индия) командасына өтүү каалоосун билдирди«, — деп жазат уюмдун басма сөз кызматы.