«Дордойдо» күзөтчүнү бут кийими менен сабап жатканда тартылган видео талкууда

Социалдык тармактарга бут кийими менен күзөтчүгө кол салган жарандын видеосу тарады. Видеодон көрүнгөндөй окуя «Дордой» базарында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, экөөнүн ортосундагы чыр унааны токтоочу жайдан алып салууну сурангандыктан келип чыккан. Күзөтчү жаранга кайрылып, унааны туура эмес жерден алып салууну суранган. Буга жооп кылып, жаран күзөтчүнүн артынан чуркап барып, бут кийими менен чаба баштаган.