«Достору менен ойноп жүргөн». Суудан изделип жаткан 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Кечээ, 9-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары жана жергиликтүү ЖМКлар Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделип жатканы тууралуу жазышып, видео менен бөлүшүшкөн. Чүй ОИИБден баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 9-апрелде болжол менен саат 18:20да Ысык-Ата ОИИБге маалымат түшкөн. Дмитриевка айылынын Калинина көчөсүнүн тургуну кайрылып, 6 жаштагы бала сууга түшүп кеткенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган бала Дмитриевка айылынын чыгыш тарабында үйүнөн 3 чакырым алыстыкта ​​достору менен ойноп жүрүп, сууга түшүп кетип, агып кеткени аныкталган. 

Бүгүн, 10-апрелде анын жансыз денеси Ысык-Ата РИИБдин, ӨКМдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган.