Досторуна октябрда келип, үйлөнөрүн айткан чек арачы Эрлан Турсунбаевдин өлүм алдындагы акыркы сөздөрү

Тажик тараптын кол салуусунан 26 жаштагы Эрлан Турсунбаев көз жумду. Ал 1996-жылы Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында туулган. 2015-жылы Алматыдагы Чек ара кызматынын академиясына тапшырып, 2019-жылы аяктаган. Ошол эле жылы чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп Баткенге кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Ал каза болордун алдын досторуна октябрь айында келип, үйлөнөрүн айткан. Ошондон кийин байланышка чыккан эмес

Социалдык тармактарда жигиттин акыркы сөзү жаздырылган видео тарады. «Өздүк курамды толугу менен тоонун чокусуна чыгарып салдым. Чек ара тозотто күзөттөгү аскер менен мен калдым», — деген ал.