«Достук» аркылуу жарандардын өтүүсү 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйдү

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасынын “Достук” өткөрмө жайына барышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Карим Ханджеза, Азамат Исраилов, Алишер Козуев жана Шайлообек Атазов андагы жасалып жаткан иштер менен таанышып, алгач “Достук” өткөрүү бекетинин электрондук өткөрүү пунктунун ишин көрүштү. Бажы кызматы “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоорун пилоттук режимде ишке киргизгени жана жүк ташыган айдоочуларга бир топ ыңгайлуу шарт түзүлгөнү белгиленди. Учурда электрондук түрдө бардык жараянга байкоо жүргүзүүгө шарт бар экени айтылды.

Жеринде белгилүү болгондой, буга чейин чек араны көзөмөлдөө жараяны кол менен жүргүзүлүп келген. Товарларды өткөрүү пунктунан алып өтүү үчүн 4-11 саат талап кылынган. Учурда өткөрмө пункт реконструкцияланып, жарандардын өтүүсү 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйгөн.

«Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Буга чейин аталган бекеттин ишмердүүлүгү тууралуу сын-пикирлер айтылып, кийинчерээк оңдоп-түзөө иштери башталган.