«Досу узатып келем деп кеткен». Ысык-Көлдөгү пансионатка иштегени келген Казак жараны июндан бери дайынсыз

Ысык-Көлдүн милициясы Казакстандын 24 жаштагы дайынсыз жоголгон жаранын издеп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

25-сентябрда милицияга Кордай айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 24 жаштагы уулу Ислам Астанаев июнь айынында Чоң-Сары-Ой айылында орун алган «Гуд-Лайк» пансионатына иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.

Арыз райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Териштирүү учурунда, дайынсыз жок болуп жаткан жаран чындап эле «Гуд-Лайк» пансионатынын аймагындагы кафелеринин биринде иштегени аныкталган. Кафенин башчысынын айтымында, ал кафеде Адан аттуу өзүнүн таанышы менен чогуу иштеп жүргөн. Июнь айынын аягында Ислам таанышын Аданды Бишкек шаарына чейин узатып койгонго суранып кетип, ошол мезгилден бери жумушка чыкпаганын маалымдаган.

Ысык-Көл РИИБи дайынсыз жоголгон Ислам Исраилжонович Астанаевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдарды 102, (03943) 4-39-80, 0505233322 телефондору аркылуу райондук милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.