«Досум Раатбек Санатбаевдин денесин изилдешкенде ыйлагам» дейт соттук-медициналык эксперт

Кылмыш-кырсыктан улам, түрдүү жагдайда каза болгон жансыз денелер менен иштөө – бул жолку каарманыбыздын күнүмдүк иши. “Тузу оор кесиптер” долбоорунун алкагында бул ирет соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси Сүйүн Касымовдун кесиби менен тааныштык. 25 жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жаткан ал практикасындагы аянычтуу, жүрөк үшүн алган окуяларды эстеп айтып берди.

«Досум Раатбек Санатбаевдин денесин изилдешкенде ыйлагам. Ар бир өлүмгө кейий берсек, бул жерде иштей албайбыз. Жумуштан чыккан соң, жакшынакай жашообузду улантабыз. Биз муздак кандуу эмес, боорукер болобуз. Биз да бир күнү ушул жерге түшөбүз деген ой менен жашайбыз. Мен ушуга чейин «соттук-медициналык эксперт эшикте бирөөнү союп коюптур» дегенди уга элекмин. Биз башка адамдардай элебиз», — деди ал.