ДССУ: «Коронавирустун жайылышы басаңдады»

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылышынын басаңдашын белгилейт. Бирок ошол эле учурда алар инфекцияны алдын-алуу чараларын сактоону улантуу зарыл деп эсептешет. Бул тууралуу ДССУнун талдоочусу Мария ван Керховен уюмдун маалымат жыйынында билдирди.

«Биз чындыгында күнүнө аныкталган инфекциялардын саны азайганын байкап жатабыз жана бул чындыгында жакшы жаңылык. Бул бир катар факторлорго жана биринчи кезекте өлкөлөрдүн вирустун таралуу чынжырларын үзгүлтүккө учуратуу жана башка адамдардын жугушун алдын алуу чаралары менен байланыштуу»,— деди ал.

Анын айтымында, мамлекеттин калкты инфекциядан коргонуу боюнча зарыл чаралар жөнүндө, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана эмдөө кампаниясынын алкагындагы мамлекеттин иш-аракеттери дагы маанилүү ролду ойнойт.

Жуманын башында уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус дүйнөдө оорулардын санынын азайышынан удам вирусту көзөмөлдөөгө болот деген ойду айткан.

«Бул далилденген коомдук саламаттык сактоо чараларын колдонуу, инфекциянын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап кала аларыбызды көрсөтүп турат»,- деди ал.