ДССУ Улуу Британиянын каржылык колдоосу менен Кыргызстанга 4 тонна гуманитардык жардам көрсөттү

Улуу Британиянын каржылык колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 4 тонна медициналык жүк тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пандемия Улуу Британия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтык ийкемдүү жана көп тараптуу экендигин көрсөткөн.

«Бүгүн биз Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму менен биргеликте Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 4 тонна медициналык жүктү тапшырдык. Гуманитардык жардам катары дары-драмектер, глюкометрлер, өпкөнү дем алдыруучу аппараттар келди. Жүктүн жалпы суммасы 260 миң долларды түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргыз мамлекети COVAX механизминин мүчөсү катары британиялык-шведдик фармацевтикалык «Astrazeneca» компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан жарым миллиондон ашык дозада вакцина ала аларын кошумчалады.