«Дуба кылып коюңуздар». Депутат Жусупбек Коргонбай уулу келинчеги сыркоолоп калганын жазды

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу социалдык тармактагы баракчасына жубайы жазган кат менен бөлүштү.

«Достор, мен эс алып каникулда жүрсөм, келинчегим ооруп калыптыр. Балдарымдын энеси, ыраматылык атамдын жакшы көргөн келини, Кудай шыпаа берип, жакшы болуп кет. Алтыным, так эткендин баарына көңүл бурба. Жакшы болуп кетесиң, мен ишенем. Мага эртең менен ооруканадан кат жазып, жиберип коюптур. “Жусуп, азыр дарыгер келсе, алып кирип кетет. Баары жакшы болот деп ойлойм. Эми баары Кудайдын буйругу менен. Бирок бир нерсе болуп кетсе сураныч, балдарымды жакшы кара, кызым өзү чоң болгону менен көңүлү назик, көп урушпа. Эки кичине козумдун көзүн жалдыратпа. Ишенген тоом сенсин, бар тапкан балдарымды кор кылдырбасан болду. Каякка шашасың, ,мендей кишиден оңой кутулбайсын деген киши жок. Дуба кылып коюңуздар»,- деп жазды.