Бириккен Араб Эмираттарынын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен угулуп жаткан жарылуу үндөрү абадан коргонуу системаларынын (ПВО) ишине байланыштуу. Бул системалар аба мейкиндигинде ракеталарды тосуп алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти
Маалыматтарга караганда, аталган ракеталар Израиль тарапка багытталган. Бириккен Араб Эмираттарынын аймагы бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт.
Абадан коргонуу системаларынын иши алдын алуучу мүнөзгө ээ жана коопсуздукту камсыздоого багытталган. Ракеталарды тосуп алуу турак жай аймактарынан тышкары жерде жүргүзүлүүдө, калк үчүн коркунуч жок.
Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды көзөмөлдөөнү улантууда. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат:
Тынчтыкты сактоону, текшерилбеген маалыматтарды таратпоону жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүнү өтүнөбүз.