«Духуң жетпейби?!» Бишкек мэри орун басарын таштанды үчүн урушту

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында таштанды чыгарууга болгон тарифти көтөрүү маселесин талкуулоодо депутаттардын суроолоруна так жооп бербегени үчүн орун басары Жыргалбек Шамыралиевди сынга алды.

Депутат Манас Абдылдабек уулу вице-мэр Шамыралиевден таштандыга болгон тарифтер канчага көтөрүлөрү күтүлүп жатканын, мындан элге кандай пайда экенин сурады. 

Шамыралиев бул бөлүктүн иш планы бар деп жооп бере баштаган, бирок мэр Эмилбек Абдыкадыров сөзгө кошулуп, жооп берерин айтып, вице-мэрди жооптору үчүн сынга ала баштады. «Бардыгы өзгөрөрүн, шаар таза болуп каларын айтпайсыңбы. Духуң жетпей жатабы? Түз эле жооп бериш керек да, мындай-тигиндей деп, баарыңар саясатчы болуп кеткенсиңер. Жакында 74 атайын техника алабыз. Сен коркуп жатсаң, мен жооп берем. Кантип иштеп жатасыңар?!» — деди Абдыкадыров.