Дыйкан-фермерлерге 84,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Коммерциялык банктар «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды берүүнү башташты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бүгүнкү күндө 84,5 миллион сомго 112 насыя берилген. Коммерциялык банктар арыздарды кабыл алууну улантууда.

Белгилей кетсек, долбоордун максаты ишкерлерге жана жеке жактарга 2021-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүүсү үчүн жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорго «Айыл Банкы», «РСК Банкы», «Бакай Банкы», «Оптима Банкы», «КICB Банкы», «Кыргызстан» коммерциялык банкы», «Бай Түшүм» банкы», «ФинансКредитБанк», «Халык Банк Кыргызстан» катышууда.