Дыйкандар пияз 12-13 сомдон болуп жатканын айтышты

Vector flat illustration of little bow onion crying out loudly, isolated on white background

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Аталган жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигин өкүлдөрү, ошондой эле, коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында пияз үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды. Учурда Орусиянын жана Казакстандын рыногунда пияздын баалары төмөн болуп жаткандыктан Кыргызстанда өндүрүлгөн пияздын быйылкы түшүмүн сатууда көйгөй жаралып жаткандыгы белгиленди.

Пияздын өздүк наркы 1 килограммы 12-13 сомдон болуп жаткандыгын дыйкандар айтышты. Мисалы Орусияда пияздын 1 килограмм баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Орусияга жеткирүү үчүн орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда. Аталган маселени чечүүгө жардам берүү боюнча пияз экспорттоочулар министрликке кайрылышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.