Дүйнөдөгү унааларды жатка билген 3 жаштагы Атайдын апасы: «Уулум заводум болот деп калат»

3 жаштагы Атай 100дөн ашуун унаанын үлгүсүн жатка билет. Өзгөчө өнөргө ээ болгон кичинекей билерман SuperTV’нын коногу болду.

«Уулум унаа чыгарган заводум болот деп калат. Көп унаалар болот, унаалар токтоп турган жерим болот дейт. Жаттаган үлгүлөрүнүн саны 100дөн ашты. Жаңылбай айтат. Үлгүсүн жаап коюп эле, унааны көрсөтсө деле таап алат. Анча көп унаа бар экенин деле билбептирбиз», — деди ал.