Дүйнөлүк Банк электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну колдойт

«Биз электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгуу боюнча план жарыяланганын кубануу менен кабыл алдык»,- деди Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде журналисттер менен жолугушууда.

Анын айтымында, тарифтер энергетика тармагындагы чыгымдардын деңгээлин жабууну жогорулатуу максатында өзгөртүлүп жатат. Ошол эле учурда, Дүйнөлүк Банк калктын аярлуу катмарын колдоо үчүн социалдык тарифтер болорун билгенде кубанганын айтты.

“Төмөн тарифтер керектөөнүн өсүшүнө алып келет, анткени бул пайдалуу. Төмөн тарифтер керектөөнү нормадан көбүрөөк болуусун шыктайт. Ошондуктан, биз тарифтерди кайра карап чыгууну колдойбуз, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы баа Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндө эң төмөн. Бирок ошол эле учурда тарифтик реформалар жакырларга оор жүк болуп калгандыгын көргүбүз келбейт», — деди ал.