Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.
Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордун негизги аткаруучусу болуп саналат.