Дүйнөлүк банк Кыргызстанга вакцина сатып алууга 25 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк калкты эмдөөдөн өткөрүү үчүн вакцина сатып алууга 20 миллиондон 25 миллион долларга чейин каражат бөлөт. Бул туурасында бүгүн, 16-мартта, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банктын каражатына кайсы вакцинаны сатып алууну кыргыз тарап өзү чечет. Бирок ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган вакцина болушу керек.

Андан сырткары Дүйнөлүк банк дистанциялык билим берүү менен байланышкан окуудагы кемчиликтерди толтурууга багытталган “Бардыгы үчүн билим берүү” долбооруна 50 миллион доллар бөлөт.

«Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жалпы суммасы 763 миллион доллар турган 24 долбоорду ишке ашырып жатат. Анын ичинен 100 миллион доллардан бир аз ашыгы сарпталды. Акыркы 5-6 айдын аралыгында өлкөдөгү саясий процесстерге байланыштуу долбоорду ишке ашыруунун басаңдашы байкалды«, — деди Навид Хасан Накви.