Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз кураманын формасы даяр болду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук экипировкасы даяр. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат. Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата-мекендик компания даярдаган.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).