Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

13-17-май күндөр аралыгында Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.