Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.