Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте Элдик курултай өтүп жатат. Анда өлкө башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бийликти мактабоого чакырды.
«Азыр 150 делегат чыгып, сөз сүйлөй баштайсыңар. Баштаганда эле учурашасыңар, Жаңы жыл менен куттуктайсыңар. Айылыңарда жакшы иш жүрүп жаткан болсо, бийликти мактайсыңар. Жарым убактыңарды жеп коесунар. Анан дагы сөз бер деп, убакыт сурайсыңар. Эгерде мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы Кудай берет. Мына “дүжүрлөрдү” чогултуп алыптыр, атайын мактатты дешет. Андайга “повод” бербегиле”, — деген президент.