«Дүкөнгө чыгып кеткен». Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда Амина Поскребышова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

5-июль күнү Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 2009-жылы туулган Амина Поскребышова аттуу небереси ошол эле күнү саат 19:00 чамасында дүкөнгө чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенини билдирип, таап берүүнү суранган.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн-билген болсо, 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү), 0708-18-46-57 же 102 кызматына чалсаңар болот.