Эртең, 3-октябрда саат 10-11:00 аралыгында Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Машыгуунун максаты — өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.
Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген. Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын өтө турган машыгуу тууралуу коомчулукка туура маалыматты жеткирүүгө жана жарандарды так эмес маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз.