Дүрбөлөңгө түштүңүзбү? Өлкөдө сирена үнү жаңырды (видео)

Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте жана өлкө аймактарында өзгөчө кырдаалды кабарлаган сиреналар жаңырды.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 3-октябрда саат 10-11:00 аралыгында Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөрүн эскерткен. 

Машыгуунун максаты — өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулган.