«Дүрбөп чыккандын кереги жок». УКМК төрагасы төңкөрүш кылууга даярдык көрүп жаткандар тууралуу үн катты

«Кандай гана кылмыштар же улуттарды бири-бирине кайраштыруу максаттарын көздөгөн иш аракеттер болбосун, дүрбөп чыккандын кереги жок. Мамлекет баарын көзөмөлгө алып турат». Бул тууралуу маекте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин «7 канал» сайты жарыялады.

— УКМК жакында эле өлкөдө төңкөрүш кылууга даярдык көрүп жаткан жарандар тобу кармалганын билдирди. Тинтүү учурунда алардан катуу даярдыктан кабар берген курал-жарактар алынганы көрсөтүлдү. Алар кандай максатты көздөгөнүн ачыктай аласызбы?

— Азыр тергөө иштери башталды. Булардын толук максаттары тергөө бүткөндөн кийин толук ачыкталат. Бирок булар эмне максатты көздөгөнүн үстүртөн айтып өтсөм болот. Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип «кустарный метод» менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты өткөндө жүз берген окуялардан шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдери кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, «мына, биз эл тарапка өттүк» деп жарыялашмак. Ошентсе, «бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет» деген чолок акыл пландары болгон.

— Учурда өлкөдөгү коомдук-саясий абал туруктуу. Жарым жылдын жыйынтыгы менен экономикалык өсүштүн көрсөткүч 8,1% түздү. Дегенибиз ушундай шартта элдин деле катуу нааразылык кылып көчөгө чыгуусуна олуттуу себеп-шылтоо деле жок да. Бул үчүнчү дейбизби же тышкы делген күчтөрдүн аралашуусу болушу мүмкүнбү?

— Азыр тергөө иштери башталды. Булардын артында тышкы күчтөр барбы же жокпу тергөө бүткөндө билинет. Албетте болуп калышы да мүмкүн. Анткени биздин экономикабыз ылдамдык менен тез көтөрүлүп жатканы эч кимге жакпайт. Ошондуктан ар кандай ыкмалар менен ойго келбеген нерселерди уюштурушу мүмкүн.

— Мисалы?

— Мисалы 2010-жылдагы апрель окуясы, 2010-жылдагы июнь окуясы сыяктуу нерселерди уюштурушу мүмкүн. 2010-жылдагы июнь окуясы кантип тутанып кеткенин жакшы билесиңер да. Биринчи себеби — Убактылуу өкмөт менен сепаратисттердин жең ичинен сүйлөшүүлөрү. Экинчи себеби — тышкы күчтөрдүн өзбек айылдарына кирип барышып, өзбектерди аткылап чыгып кетишип, «мына, кыргыздар атып кетти» деп сөз таркатып, кыргыздар жашаган районго кирип барып, ок чыгарып, «өзбектер кыргызды кырып атат» деп сөз таратышкан. Ошентип, араң турган абал заматта от болуп тутанып, кыргыз-өзбек урушу болуп кеткен. Бирок тышкы күчтөр уюштуруп жибергенин билип калган эки улут үч күндөн кийин тынчып, кайра стабилдүүлүк калыбына келген. Ушул сыяктуу эле нерселерди Бишкекте уюштурууну көздөшкөн. Ошондуктан, мен жогоруда айтканымдай, кандай гана кылмыштар же улуттарды бири-бирине кайраштыруу максаттарын көздөгөн иш аракеттер болбосун, дүрбөп чыккандын кереги жок. Мамлекет баарын көзөмөлгө алып турат. Бизде да жүрөк бар. Бизде да эч кимдикинен кем эмес мекенчилдик сезим бар. Сөзсүз баарынын жазасын беребиз.