«Эч кандай Матраимов кланы жок». Матраимов Ташиевдин сөзүн четке какты

Кечээ, 2-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимов жана анын жакындары тууралуу «мафия», «клан» деген сөздөрдү айткан эле. Бул тууралуу «Азаттык» Райым Матраимовдун бир тууган агасы депутат Искендер Матраимовдон комментарий алды.

Аталган басылмага Матраимов: «Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес», — деген жообун айткан.