«Эч ким байкаган жок». Акылбек Жапаров жасалма интеллект кыргыз тилинде сүйлөгөнүн айтты

Жасалма интеллект кыргыз тилинде сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда билдиргенин «Кабар» жазды.

Анын айтымында, ишти санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жетектеген кызматкерлери аткарышкан. «Биз ата мекендик директорлордун жакшы үндөрүн чогултуп, кечээ «Биринчи радионун» эфиринде алып баруучулардын ордуна жасалма интеллект коштук — эч ким байкаган жок», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы жакында өлкөгө GPT чатын иштеп чыгуучулардын бири келерин билдирди. «Кыргыз тилинде чат түзүү маселеси талкууланат», — деди ал.