«Эч ким жинденген жок». Бишкекте автобустун жаңы айдоочусу жол билбей, каттамдан адашып кеткен (видео)

Бишкекте №10 автобустун айдоочусу жолду билбей адашып, каттамдан чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр жолду көрсөтүп бара жаткан видео менен бөлүштү.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, айдоочу борбор калаага биринчи жолу келип, иштеп жаткандыктан жолду жана көчөлөрдү жакшы билбейт.

«Эч ким жинденген жок, баары позитивдүү эле кабыл алды, жадагалса байкеге үйрөтүп бара жатабыз», — деп билдирген жүргүнчүлөрдүн бири.