«Эч ким кабыл албай койду». SUPERTV’нын каарманы президентке «Ош базардан» жолугуп, арманын айтты

Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров «Ош базарына» барды. Президенттик аппарат маалымат таратып, мамлекет башчысынын ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, контролдук-кассалык машина системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаганын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдиришти.

Базарга баргандар жана сатуучулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Садыр Жапаровго жеке мүнөздөгү суроолорун бере алышты. Ал арада SUPERTV’нын каарманы президентке арманын айтты. «Атайын жардам сурап кайрылдым. Келиним менен уулум I топтогу майып. Сүйлөшпөйт, угушпайт. Келиним 4 баланын энеси. Боордун циррозу менен жабыркап келет. Тез арада Индияга барып, операция жасатуу керек. Ушуга жардам бергилечи, балдары жетим калбасын. Барбаган жерим калган жок, эч ким кабыл албай койду. Жакшы-жаман сөз угам», — деди ал.

Мындан дээрлик 1 ай мурда SUPERTV’нын Youtube каналына жубайлар — Руслан Мамбетов жана Залина Тыныскан кызы сүйлөй да, уга да албарын билдириштип, жардам сурап кайрылышкан эле. 4 баланы тарбиялап келе жаткан жубайлар бири-бири менен кол жаңсап сүйлөшөт. Тилекке каршы, балдардын апасы боор циррозуна чалдыгып, учурда элдин жардамына муктаж болуп турат.