«Эч нерсе билбей күткөн өлүмдөн да оор экен». Орхан Инандынын жубайы президентке кайрылды

Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» лицейинин башчысы Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго дагы кайрылды.

«Урматтуу, Садыр Жапаров! Сизге кайрылууга мажбур болуп жатам. Орхан Инандынын жоголгонуна 1 ай болду. Дагы эле анын кайда экени, кимдин колунда экени, ден соолугу тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок. Мен 4 балам менен түнү-күнү көз ирмебей күтүп жатабыз. Эч нерсе билбей күткөн өлүмдөн да оор экен. Адам уурдаган Кудайга жакпаган жаман иш. Ошондой жаман ишти аткаргандарды Кудай өзү таразаласын. Сиз өлкөнүн башчысысыз, элдин атасысыз. Жалпы журт сизге карайт, сизге түзөлөт. Бизге жардам бериңиз»,- деди ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.