Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунда ат оюндары боюнча Президенттин кубогу өтөт

Ош облусунда ат оюндары боюнча Президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагф ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган жана бүгүн, 21-августта өтөт.

Жеңүүчүлөр сыйлык катары төрт автоунаа алышат. Белгиленгендей, мелдеш Төлөйкан айылындагы ипподромдо өтөт. Бир күн мурун мамлекет башчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Жаныкулов Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты.