Эгемендүүлүк майрамы Бишкекте аскердик парад жана фейерверк менен коштолот

Эртең, 31-августта Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейине арналып Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Программага ылайык, президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт. Салтанаттуу парадга эки миңге чукул аскер кызматкерлери катышып, аскер техникалары көрсөтүлөт. Майрам кечинде мекенчил ырлардын коштоосундагы концерттик программа менен уланат. Анда Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен кайрылып, иш-чаранын аягында майрамдык фейерверк атылат.