Эгемендүүлүк майрамынан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодон кийин «Ала-Тоо» аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 8 бирдик атайын техника тартылган: беш таштанды жыйноочу жана үч сугаруучу техника. Майрам күнү «Тазалык» ишканасынын 60 кызматкери нөөмөттө турушкан. «Аянттын бүт периметри боюнча дөңгөлөктүү 50 чоң пластик контейнер жана 10 металл контейнер орнотулду. Тазалоо жана жуу иштери саат 02:00гө чейин уланды», — деп айтылат маалыматта.