Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жаңы почта маркасы чыгарылды

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 30 жыл» аттуу жаңы почта маркасын чыгарууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Каныбек Турумбеков марканын сүрөтчү-дизайнери. Юбилейлик марканын дизайны улуттук салтка шайкеш аткарылган. «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» почта маркасынын негизги идеясы — ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны. Марканын жогору жагында тазалыктын жана аруулуктун символу болгон күндүн нурлары тартылган.

«Бүтүндөй композицияда табият көрсөтүлүп, Кыргызстандын бийик тоолору жана көпкөк ачык асман чагылдырылган. Марка Кыргызстандын жаратылышын таанытуу идеясын камтып, композиция Кыргызстандын өнүгүүсүн жана биримдигин билдирет. Төмөнкү сол жагында КЫРГЫЗСТАН, KYRGYZSTAN 2021 деген жазуу түшүрүлүп, ал эми оң жагында почта маркасынын номиналы, 66 сом көрсөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.