«Эгер бирөөнөн акча алсам, жакындары айтып чыгышмак». Камчыбек Ташиев тизме боюнча үн катты

УКМКнын төрасы Камчыбек Ташиев буга чейин социалдык тармактарда тарап кеткен тизме боюнча үн катты. Тизмеде чоң суммадагы акчаны берди делген саясатчылар, депутаттар жана мурдагы чиновниктердин аты-жөнү жана акчанын суммасы бар эле. 

«Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт.  Эми минтип мени кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден, эч кандай акча мен албаймын, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган-уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш-аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.  Буюрса Кыргызстаныбызды гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз!»,- деп айтылат билдирүүдө.