Эгиз төрөп, каза болгон келиндин жолдошу: «Балдарым үчүн жашашым керек»

Ушул жылдын 14-январь күнү Бишкектеги №2 төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин Мээримай Ташболотова каза болуп калган. Маркумдун жакындары SUPERTV’га кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып беришти. “Эгиз уулдуу болорубузду билип, кубанычыбызда чек жок эле. Эми минтип ыйлай берип көзүмдүн жашы калбай калды” деген маркумдун жолдошу Тыныбек Керимбай уулу ошол күндү эскерди.

«Учурда эгиздерге келип, өзүм карап жатам. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар буту-бутуна тийбей иштеп калышыптыр. Дагы 15 күн төрөтканада болот дешти. Айла жок, эми балдарым үчүн жашашым керек. Тилек, Белек деген ысым бердик. Бул окуя мага оор болду. Ыйлай берип, жашым калган жок. Үйгө келсем, келинчегимди эстейм»,- деди ал.