Эгиз төрөп, төрөтканада каза болгон келиндин жолдошу: «Намаз окуп, дуба кылып койдум» деп айткам»

Ушул жылдын 14-январь күнү Бишкектеги №2 төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин Мээримай Ташболотова каза болуп калган. Маркумдун жакындары SUPERTV’га кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып беришти. “Эгиз уулдуу болорубузду билип, кубанычыбызда чек жок эле. Эми минтип ыйлай берип көзүмдүн жашы калбай калды” деген маркумдун жолдошу Тыныбек Керимбай уулу ошол күндү эскерди.

«Келинчегим №2 төрөтканада көз жарып, 14-январда каза болуп калды. Мага эртең менен кабар беришти. 14-январь жекшемби болчу. Ошол күнү сүйлөшкөнбүз. Акыркы сүйлөшүүбүз 21:33тө болду. Мага эгиз балдардын сүрөтүн жиберип, узап кете бериптир. 

Төрөтканага алып келдик. Реанимацияга дешти. 1 күн текшеребиз. Кан басымы түшпөсө, операция кылабыз дешти. Кан басымы 130 болуп жаткан. Эртең менен мага чалып, операцияга алып киришкенин айтты. Мен эч нерсе кыла албай калдым. Дарыгерлер билет дедим. 1 сааттан кийин операциядан чыкты. «Акыбалым жакшы» деп саат 11:30дарда өзү айтты. Айына жетпей төрөлгөндүктөн экөө тең вакуумда жаткан. Аны көрүп чыгып эле, «сүйүнчүлөй берсеңер болот» деди. Анан 2 күндөн кийин эле ушундай иш болуп кетти. 

Акыркы жолу эгиз балдардын сүрөтүн жиберип, «бири кара, бири сарыбы?» десем жок деди. Ошондон кийин байланышка чыккан жок. Күндө эле 8-9дарда уктачу. Уктап жатат го деп ойлодум. Мен саат 01:00 чамасында намаз окуп, анан жаттым. «Силерге дуба кылып койдум» деп өзүнө да жаздым. Жаман оюм жок болчу. Телефонумдун кубаты аз болуп, аны сайган эмесмин. Уктап калгам. Эртең менен келишип, каза болгонун айтышты», — деди ал.