Бишкектеги төрөтканада 22 жаштагы келин көз жумду. Ал эгиз уул төрөгөн. Бул тууралуу маалыматты «Спутник» сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева тастыктады.
«Келин №2 шаардык төрөтканага кош бойлуулуктун 34-жумасында кан басымы көтөрүлгөн абалда келген. Кесарево жолу менен эгиз уул төрөгөн», — деп жазылат маалыматта.
Асылбашеванын айтымында, операция ийгиликтүү өткөн, тилекке каршы, 15-январга караган түнү каза болуп калган. Алдын ала маалымат боюнча аялдын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
“Ымыркайлардын абалы жакшы. Азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, андан кийин өлүмдүн себептери аныкталат. Териштирүү жүрүүдө”, — деди Асылбашева журналисттерге.