«Эгиздерге турмушка чыгууну кичине кезибизден эле ойлончубуз» дейт эгиздер

“Жан шерик” долбоорунун бул жолку кaармандары Ош шаарынын тургундары. Алар – өзгөчө жубайлар, тагыраагы эгиз түгөйлөр. Каармандарыбыз качан, кайдан таанышып, кантип баш кошуп калышканы тууралуу кенен айтып беришти.

«Биз университетте окуп жүрүп, акыркы курста сунуштар келип калды. Тааныштар аркылуу эле таанышып калганбыз. 2 айдын аралыгында эле үйлөндүк. Быйыл үйлөнгөнүбүзгө 1,5 жыл болду», — деди Асан Асылбек уулу.

«Асан мага эгиз кыздар бар экенин айтты. Мен башында каршы болгом. Кийин мейли деп барып, таанышып калганбыз», — деди Үсөн Асылбек уулу.

«Эгиздерге турмушка чыгууну кичине кезибизден эле ойлончубуз. Атам дагы «эгиздерге турмушка чыксаңар жакшы болмок» дечү. Биз Бишкекте жүргөндө сунуш түшүп калды. Башында көнбөй жаттык. 2 ай сүйлөшүп, турмуш курдук», — деди Айдана Исламбек кызы.