Ушул жылдын 8-январь күнү SUPERTV телеканалынына кыштын суук күндөрүндө 6 айлык эгиз кыздарын коляскага сүйрөп, аларды жаандан калкалап, колуна полиэтилен баштыгын кармап алып базарда кайыр сураган эненин видеосу чыккан. Кийин алып баруучу Назира Бердигулова каарманыбызды сулуулук салонуна, дүкөнгө алып барып, жасалгалап, таанылгыс кылып өзгөрткөн. Тилекке каршы, ошол кезде күлүп, жашоосунун жакшы жакка өзгөрүлө баштаганына кубанган Жазира Багаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды бизге анын эжеси угузду. Биз Кемин районунун Орловка айылына барып, маркумдун жакындарына көңүл айтып, кабар алып келдик.
«Апасы баарыбызга жакын, боорукер болчу. Майрамда, туулган күндө келип турчу. Бирок айткан кеңештеримди укчу эмес. Өзү менен өзү жүрө берчү. Айла жок экен эми. Биз Москвада иштеп жүргөнбүз. Анан эле таң атпай апам чалып, «кызым өтүп кетти, Жазирадан айрылдык» деди. Сөөк өлүкканада экен. Алып келип, жаназасын окуп, жерге бердик», — дейт эжеси.