«Эх, 21 жаш». Белгилүүлөр жаш кездеги сүрөттөрүн бөлүшүп жатышат

Учурда Фейсбук жана Инстаграмда 21 жаш деген челленж өтүп жатат. Анда соцтармак колдонуучулары 21 жаштагы сүрөттөрүн бөлүшүүдө. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги айрым саясатчы жана маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн топтоду.

Депутат Балбак Түлөбаев да челленжге катышып, 21 жаштагы сүрөтүн жарыялады. «21 жаш модасы. Менин элден эмнем кем?» деп жазды ал.

Депутат Марлен Маматалиев да 21 жашындагы сүрөтүн жүктөдү.

Депутат айым Гүлшаркан Култаева да челленжге катышты.

Ырчы Сыймык Бейшекеев өзүнүн 21 жаштагы, ал эми маркум Элмирбек Иманалиевдин 17 жашындагы сүрөтүн бөлүштү. «Мен 21 ге жакындап, Элмикем 17ге жакындап калган кез, тиги 21 жаш деген флешмобуңарга жарай береби?» деп жазды ал.

Диктор Чынар Капарова «Мен деле жаш болгом демекчи. Кайран 21 жаш. 18 жашымдагы видеону болсо көргөнсүздөр» деп жазды.

Алып баруучу Назира Айтбекова да 21 жашында гезитке чыккан сүрөтүн бөлүштү. «Гезит 23 жашымда чыккан экен. 21 жаштагы сүрөт», — деп жазды.

Актер Азамат Арыков да «21 жаш. Биз эл менен» деп сүрөт жарыялады.

Мамкурулуштун Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу да челленжге катышты.